Төө-Ашуудагы тонеллдин кире беришинде Кыргызстандын тоолурунда каза болгон альпинисттердин элесине арналган баннер пайда болот. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, бул демилге «Эстелик» долбоорунун алкагында ишке ашканы жатат. Долбоордун координатору, журналист Эркин Туралиевдин айтымында, Кыргызстанга келген 22 өлкөнүн альпинисттеринин аты-жөнү белгилүү болду. Учурда алардын элесине арналган айкелин тургузууга каражат изделип жатат. (КЕ)