Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

АКШ чөлкөмгө кошумча аскерлерди жөнөтүү менен Иранга ишарат кылат


Учак ташыган «Абраам Линкольн» кемеси.
Учак ташыган «Абраам Линкольн» кемеси.

Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыштагы аскерлерин күчтөндүрүү менен Иранга так ишарат кылууну көздөйт. Бул тууралуу расмий Вашингтон билдирди. Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон «бир катар тынчсыздандырган жана кырдаалды чыңалткан эскертүүлөргө жооп иретинде» «Абраам Линкольн» деген учак ташыган чоң кеме жана бомбалоочу учактар Жакынкы Чыгыш кирген аймакка жөнөтүлгөнүн 5-майда билдирди. Болтондун айтымында, АКШ Иран режими менен согушту каалабайт. «Бирок Кошмо Штаттардын же анын өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына чабуул коюу катуу туруштукка туш болот», - деди Ак Үйдүн өкүлү.

Америкалык күчтөр ушу тапта жайгаштырылып жатабы же жокпу, анысы так айтылган жок. Вашингтон Ирандын аймактагы «карасанатай» иштерине чекит коюуну көздөгөнүн билдирип, Тегеран өкмөтүнө кысымды күчөтүүдө. Ирандын бийлиги «Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутууда» деген айыптоолорду четке кагууда.

8-апрелде АКШ Ирандын «Ислам революциясынын сакчылар корпусу» деген тандалма аскерлерден турган бөлүктү эл аралык террордук топ деп тааныган. Вашингтондун чечимине Тегеран дароо жооп кайтарып, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жана анын бөлүктөрүн террордук уюм деп тааный турганын жарыялаган.

29-апрелде Трамп Иран мунайын импорттоого тыюуну узартты. Былтыр майда америкалык президент Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгуу жөнүндө чечимин жарыялаган. Бир нече өлкө кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок, бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. Вашингтон макулдашуудан чыккандан кийин бир катар санкциялар калыбына келтирилди.

XS
SM
MD
LG