Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Уранды иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланат


Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.
Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков.

Жогорку Кеңеш 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган. Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкууланган жыйында парламент саясий чечим кабыл алганын билдирген.

Мунун алдында жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдерди өткөрүшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алганда акыр-аягы уран чуусуна байланыштуу үн катып, «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG