Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Бишкекте дагы тогуз кесилиште көзөмөл камералары иштей баштайт


Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

Бүгүнтөн баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү тогуз кесилиште «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Камералар иштей турган кесилиштер:

Бөкөнбаев – Манас;

Чүй – Манас;

Чүй – Павлов;

Жибек Жолу – Манас;

Махатма Ганди – Боталиев;

Ахунбаев – Байтик Баатыр;

Жибек Жолу - Курманжан датка;

Чүй – Абдрахманов;

Байтик Баатыр – М.Горький.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда.

Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG