Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Трамптын мурдагы адвокаты үч жылга камалды


АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн.
АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн.

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн үч жылга түрмөгө кесилип, дүйшөмбү күнү Нью-Йорктон 100 чакырым алыста жайгашкан Отисвилл түрмөсүнө жеткирилди. Ал «чындыкты айтып берчү күндү» чыдамсыздык менен күтүп жатканын журналисттерге кыска комментарий берип жатып билдирди.

Ошондой эле өлкө жетекчисин алдамчылык, ксенофобия жана адилетсиздик үчүн айыптай турганын кошумчалады.

52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12-декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Ошондой эле ал Конгресске Трамптын Орусиядагы мурдагы бизнес пландары боюнча жалган маалымат берген. Коэн бул эки иште тең күнөөлүү экенин моюнга алган.

27-февралда Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берип, Трампты «шылуун жана расист» деп атаган. Коэндин сөзүнө караганда, президент 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы «Trump Tower» долбоору боюнча жасалып жаткан иштерди билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу калп айткан. Трамп Коэндин билдирүүсүн четке каккан.

XS
SM
MD
LG