Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Сот Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн чыгаруу маселесин карайт


Мурат Суталинов.
Мурат Суталинов.

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

15-апрелге белгиленген соттук отурумга Суталинов абалынын оорлоп кеткенине байланыштуу жеткирилген эмес. Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылган.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG