Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:33

Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты


«Кыргыз шырдагы- VIII» эл аралык фестивалы.
«Кыргыз шырдагы- VIII» эл аралык фестивалы.

Бишкекте «Кол өнөрчүлүк жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Долбоордун автору, депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоор кабыл алынып калса Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн палатасы түзүлө турганын «Азаттыктагы» маегинде билдирди:

- Кол өнөрчүлүк - Кыргызстанда чоң тармак. Расмий эмес маалымат боюнча 170 миң кол өнөрчү бар. Ошондо дагы алар топ-топ болуп, өз алдынча иштешет экен. Мыйзам долбоорунун негизги концепциясы аларды бириктирип, укуктарын коргоого багытталган. Мындан сырткары анын максаты - кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүнө шарт түзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.

Алтыбаеванын айтымында, кол өнөрчүлүк жөнүндө өкмөттүн токтому эле болбосо, атайын мыйзам буга чейин болгон эмес. Бүгүн 7-майда мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт.

Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн бир катар уюмдары бар. Кыргызстандык уздардын колунан жасалган буюм-тайымдар чет өлкөдө сатылып, жакшы бааланып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG