Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Майк Помпео менен Сергей Лавров Финляндияда жолугушту


Майк Помпео менен Сергей Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү 6-майда Финляндияда Арктикалык кеңештин жыйынынын алкагында жолугушту.

Помпео Лавров менен «жакшы сүйлөшүү» болгонун журналисттерге билдирди. Ал эки өлкөнүн кызыкчылыктары дал келген тармактар боюнча мамилелер өнүгөрүнө ишенерин айтты.

Лавров жолугушууну конструктивдүү деп баалады. Ал тараптар өзөктүк туруктуулук маселесинде көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарга жетишкенин белгиледи.

Лавров америкалык кызматташтарына АКШнын Венесуэладагы кырдаалга аскердик жактан кийлигишүүсү акталбай турганын жана кыйроого алып келерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG