Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду.
Октябрь райондук соту өткөн айда чыгарган өкүмдү эми адвокаттын апелляциялык арызынын негизинде шаардык сот 14-майда карай турганын мекеменин басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна кабарлады.
Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирген.
Алмаматов коюлган айыптарды четке кагууда. (ErN)