Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Суталиновго боштондук талап кылган пикет өтүп жатат


Пикеттин катышуучулары.
Пикеттин катышуучулары.

Ушул тапта Бишкек шаардык сотунун алдында абактагы Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу талабы менен пикет өтүп жатат. «Суталиновго боштондук», «Мурат Суталиновго карата акыйкаттык» жана башка чакырыктар жазылган плакаттарды отуздай киши кармап турат. Сот баштала элек.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG