Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алмамбет Шыкмаматов коомдук талкууда сүйлөгөн сөзүндө айтты:
"Өкмөттүн токтому убактылуу болот. Президент да өз бүтүмүн билдирди, бирок кийинки мөөнөттө шайланып келген президент аны жокко чыгарып жибере алат. Парламент азыр бир бүтүм чыгарсак, кийинки чакырылыштагы депутаттар ага каршы чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, биз азыр да эмес, элүү жылдан кийин да эмес, Кыргызстанда уран, торий чалгындоо, казуу, иштетүү жана башка иштерди жүргүзүүгө түбөлүк тыюу маселесин биз мыйзам менен бекители деп сунуштап чыктык".
Шыкмаматовдун сөзүнөн кийин сүйлөгөн дагы бир автор Канат Керезбеков бул мыйзамдын негизги автору - эл болгонун белгиледи:
"Ириде уранга эл каршы чыкты. Түбөлүк тыюу салууну да эл талап кылды, ошондуктан, бул мыйзамдын автору эл деп айтсак болот".
Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук угууда талкууланып жатат.