Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Суталинов: Элимден кечирим сурайм, бүгүн бошойм деп күткөн эмесмин (видео)


Мурат Суталинов.
Мурат Суталинов.

Мурат Суталинов бүгүн сот залынан бошотуларын өзү күткөн эмес. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди. Суталинов ошондой эле 2010-жылдагы апрель окуясы үчүн элден кечирим сурады:

«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса да, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен, соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм, бүткүл кыргыз элимден», - деди Суталинов.

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG