Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Көкбөрү: Биринчи лиганын финалисттери аныкталды


Көкбөрү.
Көкбөрү.

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лиганын финалисттери аныкталды. Жарым финалда Таластын «Алкан-Ата» командасы Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» улакчыларына 1:4 эсебинде утулуп калды.

Экинчи жупта «Кара-Бууранын» улакчылары «Ат-Башыны» 5:2 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды.

Натыйжада «Кара-Буура» жана «Көл-Төр» командаларынын ортосунда финалдык оюн 9-май күнү өтөт. Ал эми эртең 8-майда үчүнчү орун үчүн «Алкан-Ата» жана «Ат-Башы» ойнойт.

Бүгүн ошондой эле жогорку лигадагы командалардын жарым финалдык оюндары болот. Анда Таластын «Ынтымак» командасы Чүйдүн «Сары-Өзөн Рассвет» менен ойнойт. Ошондой эле экинчи жупта Оштун «Достук» улакчылары «Сары-Өзөн» командасы менен талаага чыгат. (SDz)

XS
SM
MD
LG