Коопсуздук күчтөрүнүн айтымында, Пакистандын түндүк-батышында эки жерде автокербенге согушкерлер кол салганда төрт жоокер каза таап, ону жарадар болгон.
6-майдагы эки окуя тең Пакистандын Ооганстан менен чектешкен, мурда «Талибандын» таасири күчтүү болуп келген Түндүк Вазиристан аймагында болгон. Аскерлерге кол салган биринчи топ окуядан кийин Ооганстанга өтө качкан.
Экинчи окуя да чек арага жакын жерде болгон. Бул чабуулдар үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек.
Пакистан менен Оооганстандын чек арасынын узундугу 2400 чакырымды түзөт. Эки тарап «чек ара аймактарында аракеттенген согушкерлерге жетишүү чара көрбөйт» деп бири бирин айыптап келет.