Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталды. Бүгүн, 7-майда алдын ала маалымат берүүчү жараян өтүп жатат.
Сот жабык өтүп, жараянга жабырлануучулардын жана айыпталуучунун жакындары, журналисттер киргизилген жок. Сот имаратынын сыртында маркумдун жакындары айыпталуучу өмүр бою камалсын деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)