Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террордук уюмдарга адамдарды жиберүүгө бөгөт коюу жана аларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында террордук иштерге тиешесине байланыштуу шек саналып, издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды.
Ал Сирия менен Ирактагы согуш аймактарында диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Ошондой эле ага эл аралык террордук уюмдар тарабынан согуштук аракеттерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилгени аныкталган. Ал бул тапшырманы аткарыш үчүн атайын даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.(ZKo)