Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Маутхаузен концлагеринин бошотулганы эскерилди


Маутхаузен концлагериндеги монумент.
Маутхаузен концлагериндеги монумент.

Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Маутхаузен концлагеринин бошотулганына 72 жыл болгонун эскерүү аземине катышты. Аталган концлагерге 1940-1945-жылдары СССРдин жарандары камалган. Айрым маалыматтарда концлагерге түшкөн туткундардын ичинде кыргызстандык аскерлер да болгону айтылып келет. Элчилик өкүлдөрү концлагеринин борбордук монументине жана 1941-жылы курулган «советтик лагерь» деп аталган жерге гүлчамбар коюшту.

Эскерүү аземине Австриянын канцлери С.Курц, Австриянын өкмөт мүчөлөрү, тирүү калган күбөлөр жана замандаштар, коомдук уюмдардын жана дин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Австриядагы Маутхаузен концлагеринде жана анын филиалдарына Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 335 миндей адам камалган, анын ичинен 122 миндей адам өлгөн. Концлагердеги туткундар 1945-жылы америкалык аскерлер тарабынан бошотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG