Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 7-майда Жогорку шайлоо комиссиясынын оппозиция утуп алган Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин колдоду.
«Бул чечимди биз маселелерди демократиянын жана укуктун алкагында чечүү боюнча биздин эркибизди бекемдеген эң мыкты кадам катары карап жатабыз», - деди Эрдоган 7-майда парламентте өз партиялаштары менен жолуккан кезде.
Жогорку шайлоо комиссиясы кайра шайлоону 23-июнга белгиленди.
31-марттагы мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Имамоглу бийликтеги АК партиядан талапкер болгон, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган.
Имамоглуга өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы мандат тапшырып, ал 18-апрелде кызматына киришкен.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган. Мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер иштеши керек. Эрдогандын айтымында, Стамбулдагы айрым шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылган эмес.
Европа Биримдиги Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын Стамбулдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин сынга алды. Анын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө «Стамбулда кайра шайлоо өткөрүү демократиялык добуш берүү процесстерине карама-каршы келери» белгиленген.
Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас мэр боюнча чечимди түрк шайлоочулары гана кабыл алышы керек деп эсептейт.
«Менимче Стамбулдагы жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган Жогорку шайлоо комиссиясынын чечими ачык-айкын эмес жана түшүнүксүз», - деди ал.
Башкаруучу партия марттагы шайлоодо баш калаа Анкаранын мэрин шайлоодо да утулуп, аны башкаруудан кол жууган. Борбор шаарда оппозициялык Элдик-республикалык партиянын өкүлү Мансур Яваш добуштардын 50 пайыздан ашыгын алса, бийликтеги партиянын талапкери Мехмет Озхасеки 47,06 пайызга ээ болгон.