Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Орусия Крымда кармалган украин балыкчыларын бошотту


Украин балыкчылары.
Украин балыкчылары.

Орусия украиналык балыкчылар Руслан Кондратюк менен Андрей Морозовду бошотту. Бул тууралуу Жогорку Раданын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Людмила Денисова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Кондратюк менен Морозов былтыр сентябрда кармалган. Балыкчылардын кайыгы бузулуп калып, толкун аларды Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Сиваш көлүнө алып кеткен. Балыкчыларды орусиялык чек арачылар кармап алышкан.

Крымдын орусиячыл бийлигинин акыйкатчысы Людмила Любина да Кондратюк менен Морозовго айып салынып, алар бошотулганын ырастады.

Ошол эле кезде Орусияда украин деңиз аскерлери камакта отурат.

2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган.

Москванын 2014-жылы Крымды аннексиялап алышын эл аралык коомчулук тааныган эмес. Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Орусияга Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы орусиячыл күчтөрдү колдогону үчүн катар-катар санкцияларды салган.

XS
SM
MD
LG