Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:46

Майк Помпео Германиядагы сапарын токтотуп, Багдадга барды

Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шейшемби күнү кечинде, мурда пландалбаган сапар менен Иракка барганын «Reuters», «France Presse» жана араб маалымат каражаттары өкмөттөгү булактарга таянып жазышты. Мамлекеттик катчынын сапарын расмий Багдад ырастай элек. Сапар коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам жана Ирандагы кырдаалды талкуулаш үчүн уюшулган болушу ыктымал экендигин булактар белгилеп жатышат.

7-майда Майк Помпео Германиядагы сапарын күтүүсүз токтоткон. Анын басма сөз катчысы Морган Ортагус немис канцлери Ангела Меркел жана тышкы иштер министри Хайко Маас менен боло турган жолугушуу башка учурга жылдырыла турганын билдирген.

Помпео 5-6-майда Финляндияда Арктикалык кеңештин жыйынына катышып, 9-майга чейин Европаны кыдыра турганы, Германиядан тышкары Лондонго жана Гренландияга барары айтылган. Мунун алдында ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Венесуэладагы саясий жана конституциялык кризисти талкуулашкан.

Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Майк Помпео 14-майда Сочиде орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолугарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG