Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Талант Баев 7-майдагы сессия учурунда шаар жетекчилигин баатыр энелерге күбөлүк жана орден тапшырууда алардан 200 сомдон акча чогултуп, каражатка жоолук алып куттуктаганын сынга алды:
«Мэриянын короосунда өскөн гүлдү тикени менен үзүп, баатыр энелерге тапшырып сүрөткө түшүпсүңөр. Алардын акчасына жоолук алып салгыча мага кайрылсаңар алып бермекмин. Бул кылганынар уят».
Шаардык мэриянын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова депутаттын айткандарын четке кагып, эч кандай каражат чогултулбаганын билдирди. Анын айтымында, шаар казынасынан баатыр энелерди сыйлоого каражат каралбайт жана бул иш -чараны аймактык аялдар кеңеши уюштурган.
Ал арада социалдык тармактарда баатыр энелердин өздөрүнүн акчасына жоолук алып куттуктаган окуя кызуу талкууга алынып, Интернет колдонуучуларынын да сынына кабылды.
Шаардын Тайгараев айылынын тургуну, сегиз баланын энеси Жеңишгүл Акматова бул окуя былтыр июль айында болгонун, жети баатыр энени шаар мэриясына чакырып, 200 сомдон каражат чогултканын жана ал иш- чарага шаар башчысы Мураталы Тагаев өзү катышканын айткан. Былтыркы жылы Интернеттеги социалдык тармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдө да энелерди сыйлоо аземинде короодо өскөн гүлдөр берилип, энелерге ак жоолук салынганын көрүүгө болот. (RsK)