Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Финпол: Жалил Атамбаевдин иши боюнча иликтөө жүрүп жатат


Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.
Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.

Жалил Атамбаевдин иши боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады. Анын айтымында, учурда иликтөө тобу сотко чейинки териштирүү жүргүзүүдө.

«Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аттуу видеоиликтөөсүнөн соң Финансы полициясы текшерүү ишин баштаган. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилүүдө.

Журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы айтылып, салыктан качкан «ишкерлер» көрсөтүлгөн. Мисал катары Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык экени айтылган бир нече компания бюджетке салык төлөбөй келатканы сөз болгон.

Көп өтпөй ишкер журналистти 50 млн. сомдук доосу менен сотко берген. Буга коомчулук катуу каяша кылып, президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, коррупциянын бетин ачкан журналистти колдоого жана коргоого чакырган. 7-май күнү ишкер журналистке доо арызын кайтарып алганын анын жактоочусу «Азаттыкка» билдирген. Учурда соцтармактарда коомчулук анын төлөбөй келген салыгын да төгүп берүүсүн талап кылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG