Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотту


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Тегеран бул чечими тууралуу Орусиянын, Улуу Британиянын, Кытайдын, Евробиримдиктин, Франциянын жана Германиянын элчилерине кабар берди. Бул тууралуу Иран президентинин билдирүүсүндө айтылат. Президент Хасан Роухани Тегеран байытылган уранды сатууну токтото турганын билдирди.

60 күндөн кийин бийлик келишимдин дагы бир катар пункттарынан баш тартышы мүмкүн. Роухани Ирандын мунай жана банк секторун АКШнын санкцияларынан коргош үчүн келишимдин калган катышуучуларына ушундай мөөнөт бергенин айтты.

7-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Германиядагы сапарын күтүүсүз токтотуп, Иракка барган. Майк Помпео муну Ирандын жигердүүлүгү артканы менен түшүндүргөн. Ал эми Пентагон «Иран аймактагы америкалык аскерлерге чабуул даярдашы мүмкүн» деп билдирип жатат.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG