Ооганстандын Кабул шаарында Башкы прокуратуранын жанында чоң жардыруу болду. Бул жерде согуштан жапа чеккендерге жардам берген эл аралык топтордун кеңселери да орун алган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими Кабулдун бул аймагында атышуулар да болгонун айтты. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тогуз адам жарадар болгонун «Твиттердеги» барагына жазды.
Азырынча бул жардыруу үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек.
Мусулмандардын ыйык Рамазан айында ооган өкмөтү «Талибан» кыймылына чабуулдарды токтотууну сунуш кылган. Бирок «Талибан» сунушту кабыл албай турганын, тескерисинче чабуулдарды күчөтөрүн билдирген.
Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын урушуна 18 жылга аяк басты.