Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Пакистандагы жардырууда он киши мүрт кетти


Жардыруудан кийин, 8-май, 2019-жыл.
Жардыруудан кийин, 8-май, 2019-жыл.

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарындагы суфийлердин ыйык деп эсептелген Дата Дарбар жайына жакын жердеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон жардырууда он чакты киши каза болду.

Полиция башчысынын орун басары Ашфак Хан курман болгондордун арасында беш офицер бар экенин билдирди. 25 адам жарадар болду, алардын айрымдарынын абалы оор. Премьер-министр Имран Хан Орозо айы башталаары менен болгон бул жардырууну сынга алды.

Суфийлерди Пакистанда диний азчылык катары саноого болбойт, бирок алар дайыма кол салууга кабылып келишет. Дата Дарбарга 2010-жылы жасалган кол салууда 40тан ашуун киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG