Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Түркияга эмгек визасын алуу 30 долларга чейин арзандады


Түркияда жашаган кыргыздар уюштурган акциядан бир көрүнүш. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Түркияда жашаган кыргыздар уюштурган акциядан бир көрүнүш. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Түркияга эмгек визасын алган кыргызстандыктардын төлөмү арзандатылды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 7-майда түрк кызматташы менен сүйлөшкөндөн кийин басма сөз жыйынында билдирди.

15-майдан баштап эмгек визасы боюнча консулдук жыйымдардын наркы 283 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтүлөрү кабарланды.

Түркияга кыргызстандык жарандардын эмгек визасын ачыш үчүн консулдук төлөмдөр 2019-жылдын 23-февралына чейин 240 доллар болсо, кийин 283 долларга чейин кымбаттаган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын 9520 жараны эмгек визасын алган. Алар негизинен жайкы туристтик сезондо Анталия, Измир, Бодрум сыяктуу аймактарга келип иштеп кетишет.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. (ElB)

XS
SM
MD
LG