8-майда Тайвань парламентинин алдында бир жыныстуу түгөйлөрдүн никесине уруксат берген мыйзамды жактагандар жана ага каршы чыккандар эки башка акция өткөрүштү.
Тайванда былтыр ноябрда өткөн референдумда гомосексуалдардын ортосундагы никеге уруксат берүү боюнча суроо калктын колдоосун тапкан эмес. Ага чейин өлкөнүн Конституциялык соту бир жыныстуу никелерге уруксат берген чечим кабыл алган. Мыйзам долбоорун эми 24-майда парламент карайт.
Документте бир жыныстуу түгөйлөргө бала асырап алууга да уруксат берилет. Ал эми мыйзам долбооруна каршы чыккандар бул элдин каалоосуна каршы кадам экенин билдиришти.