Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

Атамбаевдин жансакчысына дагы бир иш козголду


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 7-майда каттоого алынды.

Башкы прокуратура кийинки убакта Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын Мамлекеттик каттоо кызматына таянып билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын маалыматына караганда, бул мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экени да айтылды.

Мусакеев 9-кызматта 2010-2017-жылдары, 2016-жылдан тартып жетекчи болуп иштеген.

Быйыл февраль айында Мусакеевге карата УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деген шек менен да сотко чейинки өндүрүш башталып, өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG