Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Дастан Догоев УКМКда кармалып жатканы кабарланды


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев беш сааттан бери УКМКда суракта отурат, ал адвокат керек экенин айтууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева билдирди:

- Саат 11де УКМКдан эки кызматчы келип, документин көрсөтүп, эшикке алып кетишкенин мага аны менен чогуу иштегендер айтып беришти. Саат 16га чейин эч маалымат жок болду. 16.00дөн кийин Дастандын келинчеги чалып, ал чогуу иштегендеринен «адвокат таап бергилечи, мени кое бербей жатышат» деп суранып кайрылганын айтты. Азыр УКМКга адвокат жөнөп жатат.

Быйыл 22-февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси барлар катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин да аты бар болчу.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Дастан Догоевдин кармалганы тууралуу маалыматты «туура эмес» деп атады жана ал кармалбаганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG