Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:47

Москвада мигранттарга жасалма документ даярдагандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада мыйзамсыз мигранттар үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген ондогон борбор азиялык жаран кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Ички иштер министрлиги менен чогуу өткөргөн атайын операциянын алкагында 56 киши кармалганын ФСБ өз сайтында кабарлады. Ошондой эле документтерди даярдаган 11 лаборатория аныкталган.

Билдирүүгө ылайык, кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагында калууга уруксат берген жасалма паспортторду, миграциялык карталарды жана башка документтерди жасап жүрүшкөн. Ошондой эле алар чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз документтерди колдонуу менен миграциялык каттоого турууга да жардам беришчү.

Ички иштер министрлиги «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Мекеме ыкчам издөө иштери уланып жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG