Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Түркияда оппозиция былтыркы шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды


Стамбулдагы мэр шайлоодо утуп чыккан оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу.
Стамбулдагы мэр шайлоодо утуп чыккан оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу.

Түркиядагы башкы оппозициялык Элдик-республикалык партия Жогорку шайлоо комиссиясынан былтыркы президенттик, парламенттик жана быйылкы жергиликтүү шайлоолордун бардыгынын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Алар мындай талапты шайлоо мекемеси 31-марттагы Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, 23-июнга кайра шайлоо белгилегенден кийин эки күндөн соң билдирди.

31-мартта төрт шаар-аймакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өтүп, алардын ичинен бир гана Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Анда оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Ал бийликтеги АК партиядан талапкер болгон, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган.

АК партия Экрем Имамоглунун Стамбулдагы жеңишинен күмөн санап, «шайлоодо мыйзам бузуу жана коррупция болду» деп билдирүүдө. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган. Мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер иштеши керек. Эрдогандын айтымында, Стамбулдагы айрым шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылган эмес.

Экрем Имамоглу мандат алып, 20 күндөн бери мэр катары иштеп жатканына карабастан, 6-майда Жогорку шайлоо комиссиясы анын жеңишин тааныган мурдагы чечимин жокко чыгарып, Стамбулда жаңы шайлоо жарыялаган. Бул элдин арасында нааразылык жаратты.

8-майда болсо Элдик-республикалык партия Жогорку шайлоо комиссиясынан былтыркы президенттик, парламенттик жана быйылкы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, былтыркы шайлоолордогу жооптуу адамдар да быйылкы жергиликтүү шайлоолордо кандай дайындалса, дал ошондой бекитилген. Ошондуктан алар бир эреже менен өткөнүнө байланыштуу башка шайлоолордун да жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек деп эсептешет.

Европа Биримдиги Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын Стамбулдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин сынга алды. Анын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө «Стамбулда кайра шайлоо өткөрүү демократиялык добуш берүү процесстерине карама-каршы келери» белгиленген.

XS
SM
MD
LG