Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Тажикстанда ИМдин азгырыгына кирген деген айып менен 12 мигрант соттолду


Тажикстандагы сот.
Тажикстандагы сот.

Дүйшөмбү шаарынын соту 7-майдагы чечими менен Орусияда жана Казакстанда иштеп келген 12 мигрантты экстремизмге байланыштуу 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кести. Ошондой эле дагы алты кишиге жалпы суммасы 30 миң сомони (3200 АКШ доллары) өлчөмүндө айыппул салынды.

Судьянын сотто айтканына караганда, алар алгач Орусияда, кийин Казакстанда жүрүп, «Ислам мамлекетти» террордук уюмунун идеологиясын жайылткан Косим Гиёсовдун азгырыгына илинген.

Косим Гиёсов өзү да Казакстанда экстремизм үчүн айыпталып, учурда абакта жатат.

7-майда соттолгон тажик мигранттарынын көбү Тажикстанга быйылкы жылдын башында келишкен. Алар «Zello» тиркемеси аркылуу сүйлөшүп, «Ислам мамлекети» тобунун идеяларын жайылтып келишкени айтылат.

Мигранттардын жакындары сот аларга адилетсиз чечим чыгарды деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG