Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Поляк адистери 2010-жылы Орусияда кырсыкка кабылган учакты иликтейт


Польшанын авиакырсыкта мерт кеткен президенти Лех Качинский.
Польшанын авиакырсыкта мерт кеткен президенти Лех Качинский.

Орусиянын Тергөө комитетинин кабарлашынча, Варшаванын өтүнүчүнүн негизинде поляк адистерине дагы бир жолу учактын калдыктарын изилдөөгө май айынын акырында уруксат берилет.

Польшанын учагы 2010-жылдын 10-апрелинде Смоленск шаарынын жанынан учуп баратып токойго кулап түшкөн. Авиакырсыкта Польшанын президенти Лех Качинский жубайы менен, ошондой эле жүзгө жакын польшалык саясатчы, мамлекеттик ишмер, журналист жана аскер жетекчилери каза тапкан.

Алар 1940-жылы совет бийлиги тарабынан өлтүрүлгөн польшалык аскерлерди эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Катынь аймагына бараткан эле.

Орусия учактын сыныктарын, "кара кутуну" жана башка маанилүү далилдерди Польшага берген эмес. Москва аларды кырсык боюнча өздөрүндө ачылган ишти иликтөө үчүн далил буюмдар катары айтып келет.

Буга чейинки иликтөөлөрдө авиакырсыкка аба ырайы, учкучтардын катачылыгы жана орусиялык диспетчерлердин катачылыгы себеп болушу мүмкүн деген версиялар айтылган.

XS
SM
MD
LG