Түндө Европанын чемпиондор лигасынын экинчи финалисти аныкталып, ал Англиянын «Тоттенхэм» клубу болду. Голландиянын «Аякс» клубу менен оюнда «Тоттенхэм» алгач 2:0 эсебинде утулуп жатканына карабай, англиялык клубдун оюнчусу Лукас Моура үч гол киргизип, жалпы эсепти 2:3кө жеткирди.
Буга чейинки оюнда «Аякстын» 1:0 эсебинде жеңишин эске алганда, голдордун жалпы көрсөткүчү 3:3 болуп, конокто көбүрөөк гол киргизген үчүн «Тоттенхэм» финалга чыкты.
Кечээ финалга жолдомону биринчи болуп Англиянын дагы бир «Ливерпуль» клубу алган. Ал өз үйүндө Испаниянын «Барселона» клубун 4:0 эсебинде утуп алган. (SDz)