Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Көкбөрү: «Ынтымак» менен «Достук» финалда ойнойт

«Ынтымак» менен «Достуктун» оюнунан.
«Ынтымак» менен «Достуктун» оюнунан.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде бүгүн финалдык оюндар болот. Биринчи лиганын алкагында «Кара-Буура» жана «Көл-Төр» командалары ойнойт.

Ал эми жогорку лиганын командаларынын арасындагы финалдык оюн «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын ортосунда өтөт.

Бул турнир 4-майда башталган. Бүгүн ошондой эле көкбөрүдөн тышкары Чолпон-Атадагы ат майданда ат оюндары боюнча жарыштар өтөт.

«Азаттык» көкбөрү оюндарын түз ободо өзүнүн «Ютуб», «Фейсбук» баракчалары жана расмий сайты аркылуу түз ободо көрсөтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG