Жер-жерлерде бүгүн 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленет. Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышат.
Бишкекте салтка айланып бараткан «Өлбөс полк» акциясы өтөт. Ага да мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышат. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, былтыр бул жүрүшкө 30 миңден ашуун адам катышкан.
Саат 10до баштала турган «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң-ата, чоң-апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.
1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды. (КЕ)