Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Трамп Иранга жаңы санкцияларды киргизди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ Иранга карата алюминий, болот, темир жана жез өндүрүүгө байланыштуу жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу жарлыкка Дональд Трамп кол койду. Мындан сырткары Ирандагы металл өндүрүүчүлөргө же сатуучуларга да чектөө кириши мүмкүн экени болжолдонууда. Документте Вашингтондун аракети Тегеранды өзөктүк программаны каржылоого кетиши ыктымал болгон киреше булактарынан ажыратууга багытталганы белгиленген.

АКШнын жаңы санкциялары Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоткондон кийин киргизилип жатат. 8-майда Тегеран өз чечими тууралуу Орусиянын, Британиянын, Кытайдын, Евробиримдиктин, Франциянын жана Германиянын элчилерине кабар берген. Муну менен катар 60 күндөн кийин бийлик келишимдин дагы бир катар пункттарынан баш тартышы мүмкүн экени айтылган. Президент Хасан Роухани Ирандын мунай жана банк секторун АКШнын санкцияларынан коргош үчүн келишимдин калган катышуучуларына ушундай мөөнөт бергенин айткан.

Франция АКШ жаңы киргизген санкциялардан кийин Ирандын өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерди аткарууну токтоткон чечимине тынчсыздануусун билдирди.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.

XS
SM
MD
LG