Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Мусакеев: Байлыгым ошончо болсо жатаканада жашабайт элем


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев Башкы прокуратура анын байлыгына байланыштуу тараткан маалыматка жооп берип, аны «калп» деп атады.

Ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала тынбай эмгектенгенин билдирди.

Мусакеевдин Башкы прокуратурага берген жообун Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясы таратты.

«Мунун баары пастык жана кара санатай калп. Мен дайыма коррупционерлерди жек көргөн таза жоокермин. Эч качан эч кимди алдаган эмесмин, бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө да кол салган эмесмин. «Ак үйдөгүлөр» мени айыпка жыгыш үчүн эмне ойлоп табыш керек экенин билбей да калышты. А.Ш. Атамбаевди сатпагандарды кантип болсо да каралоо керек болуп турат. Баарын оңой эле текшерсе болот. Менде ушунчалык мүлк болгондо 2016-жылга чейин келинчегим, үч балам менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап жүрмөк белем? Мен азыр деле кызматтык батирде жашап жатам, менчигимде кандайдыр бир үйүм да, батирим да жок. Биз үй-бүлөдө төрт бир тууган эркекпиз. Биздин мүлкүбүз, чындап келгенде, 20 миллион сомго эч бир жетпейт. Ата-энебизге, мага, бир туугандарыма таандык болгон мүлктүн баарын кошо эсептеп келгенде ашып кетсе 5-6 миллион сомго жетет. Мунун ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүүсү болгону 500-600 миң сомго гана чамалап барат», - деди Мусакеев.

8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Көзөмөл органдын Мамлекеттик каттоо кызматына таянып билдиргени боюнча, кийинки убакта Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталган, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын маалыматына караганда, бул мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат.

Мусакеев 9-кызматта 2010-2017-жылдары, 2016-жылдан тартып жетекчи болуп иштеген.

Быйыл февраль айында Мусакеевге карата УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деген шек менен да сотко чейинки өндүрүш башталып, өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG