Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

«Аэрофлот» «Супержеттин» бир канча каттамын токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Аэрофлот» авиокомпаниясы соңку күндөрү «Сухой Супержет» (SSJ-100) учагы жүргүзө турган бир канча каттамды токтотту.

8-май күнү кечинде Москвадан Ригага уча турган каттам өз убагынан эки саатка кармалган. Жүргүнчүлөр күйүк жыттанып жатканы тууралуу арызданган соң алар башка «Супержетке» которулду. Ушул эле күнү эртең менен Москва-Минск каттамы техникалык себептерден улам токтотулганы кабарланды. Мындан сырткары Ростов-на-Дону – Москва каттамы учактын рулдагы билдиргичи (датчик) бузулуп калганына байланыштуу каттамдан алынды. Беш саат күткөн соң жүргүнчүлөр «Boeing 737» менен учуп кетишти.

Ульяновск каттамы дагы учуу тилкесине чыккандан кийин айрым мүчүлүштүктөрдөн улам учпай калган. «Интерфакс» Шереметьево аэропортунун сайтындагы онлайн-таблодогу маалыматтарга таянып, Самара, Нижний Новгород, Гетеборг шаарына да каттамдар токтотулганын жазды.

5-майда «Аэрофлот» компаниясынын учагы «Шереметьево» аба майданынан чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кеткен. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учакта беш экипажды кошкондо 78 адам бараткан. Кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапкан.

XS
SM
MD
LG