Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Бишкекте 9-майдын урматына «Өлбөс полктун» жүрүшү башталды


«Өлбөс полктун» жүрүшү башталды.
«Өлбөс полктун» жүрүшү башталды.

Жүрүш баш калаанын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин уланат.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Мурда кабарлангандай, анын балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтышкан. Согуштагы эрдиги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун чоң атасы Жээнбек Пирназаров Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген. Былтыр августта анын сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылган.

Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленип жатат.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG