Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп, аялы жана балдары менен чогуу жүрүшкө чыкты.
КСДПнын активисттери да жүрүшкө кошулганын партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди:
- «Өлбөс полктун» жүрүшүнө Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү 2015-жылдан бери катышып келген. Быйыл ал өзү да кошулду.
Бишкектеги акцияга болжолдуу түрдө 30 миңдин тегерегинде адам катышып жатканы айтылууда. Иш-чарага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да катышууда.
«Өлбөс полк» жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң-ата, чоң-апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып баш калаанын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.
1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды.(ZKo)