Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

«Өлбөс полк» акциясы жети дубанда өтүп жатат


Жалал-Абаддагы «Өлбөс полк» жүрүшү. 9-май, 2019-жыл.
Жалал-Абаддагы «Өлбөс полк» жүрүшү. 9-май, 2019-жыл.

Ош шаарындагы борбордук аянтта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Акцияга облустук, шаардык бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Жүрүш «Келечек» балдар борборунан башталып, борборук аянтка чейин уланды. Аягында Өчпөс отко гүлчамбар коюлду. Андан кийин аянтта театрлаштырылган маданий программа тартууланды.

Иш-чара ардагерлерге «аскердик тамак» берүү менен жыйынтыкталат.

Ош облусунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 35 ардагери калган. Оорукта эмгектенген 960 ардагер бар.

Жалпысынан Ош облусунан согушка 85 миң адам аттанган.

Жалал-Абад шаарындагы «Өлбөс полк» акциясына 10 миңден ашуун адам катышты. Иш-чаранын катышуучулары калаанын үч тарабынан жөө жүрүш менен Жеңиш багына карай басышты.

Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун адам аттанган. Анын 5024ү мекенине кайтып келген. Бүгүнкү күндө шаарда төрт согуштун ардагери, төрт эмгек ардагери, концлагердин туткуну болгон бир киши бар.

Согушка катышкан ардагерлерге жергиликтүү бюджеттен 20000 сом, концлагердин мурдагы туткундарына 15000 сом, оорукта иштегендерге 10000 сомдон берилди.

Ал эми Ысык-Көлдүн Каракол шаарында «Мен чоң атам менен сыймыктанам» деген ураан алдында парад өттү. Иш-чарага жергиликтүү жетекчилер, облустагы бардык райондордон келген жергиликтүү тургундар катышты.

Ысык-Көл облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 50 миңге жакын адам барган. Анын ичинен 19 миң 700 киши согуштан кайтпай калган. Учурда облуста согушка катышкан жана оорукта эмгектенген 29 ардагер бар.

Таласта болсо борбордук аянтта уюштурулган иш-чарага жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү катышууда. Мектеп окуучулары, студенттер, мекеме-уюмдардын кызматкерлери Жеңиш майрамына арналган параддан өтүп жатышат.

Талас облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согушка 17 085 адам аттанган. Анын ичинен 6200 жоокер дайынсыз жоголгон. Төрт миңдейи кайтып келген. Учурда облуста 16 ардагер бар. Бүгүнкү иш-чарага алардын айрымдары гана катышты. (RsK/AlS/MdN/AsM)

XS
SM
MD
LG