Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Кыргыз спортчуларынын жайкы Олимпиада оюндарына даярдыгы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз спортчуларынын жайкы Олимпиада оюндарына даярдыгы талкууланды. Кыргызстандын курама командаларынын спортчуларын Токио шаарында өтө турган жайкы XXXII Олимпиадалык жана XVI Паралимпиадалык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитети жыйын өткөрдү. Аны вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев берген маалыматка караганда, учурда спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу пландаштырылууда. Бул – күрөштүн үч түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, кылыч сайышуу, жаа атуу, триатлон. Жогоруда көрсөтүлгөн спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча 2019-жылы лицензиялык турнирлер өтөт.

- Лицензиялык турнирлерге даярданыш үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү быйыл январдан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Жети Азия чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль). Лицензиялык турнирлерге даярдануунун алкагында биздин курама командалар 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну пландап жатышат. Быйыл Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда, - деди Канатбек Арпачиев.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова уюштуруу комитети командаларды өз убагында каржылоо жана бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга тийиш экенин айтып, бир катар тапшырмаларды берди.

2020-жылы жайкы Олимпиада оюндары Жапониянын борбору Токио шаарында өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG