Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Көкбөрү: «Көл-Төр» биринчи лигада жеңүүчү болду (видео)


«Көл-Төр» менен «Кара-Бууранын» оюнунан.
«Көл-Төр» менен «Кара-Бууранын» оюнунан.

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лигада Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» командасы жеңүүчү болду.

Бүгүн, 9-майда баш байге үчүн болгон беттеште көлдүктөр Таластын «Кара-Буура» командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Аталган лигада 3-орунду Таластын «Алкан-Ата» командасы алган. Кечээ, 8-майда 3-орун үчүн болгон беттеште таластыктар Нарындын «Ат-Башы» командасын 3:0 эсебинде жеңип алган эле.

Жеңиш күнүнө карата уюштурулган республикалык көкбөрү турнири биринчи лига менен жогорку лигадагы командалар арасында өтүп жатат. Биринчи лигадагы оюндарга 16, жогорку лигадагы оюндарга 6 команда бөлүнгөн.

Жогорку лиганын финалында Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары таймашат. Оюн саат 15:30да башталат.

Көкбөрү боюнча республикалык турнирдин 8-9-майда болгон оюндарын «Азаттык» социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түз эфирде чагылдырууда. Оюндарды «YouTube» видеопорталындагы «Azattyk» жана «Фейсбуктагы» «Kyrgyz Azattyk Unalgysy», «Azattyk Media» баракчаларынан көрсөңүз болот. (SDz/ECh)

XS
SM
MD
LG