Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Москвада Жеңиштин 74 жылдыгына арналган парад өттү


Москвадагы параддын алдындагы учурашуу.
Москвадагы параддын алдындагы учурашуу.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы Орусияда жылдагыдай эле парад менен белгиленди. 13 миңден ашуун аскер, 130 аскердик техника каражаты Кызыл аянттан өттү. Аскер учактары, тик учактар парадга катыштырылган жок. Буга аба ырайы себеп болгону айтылды.

Салтанатка өлкө президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев, чет элдик жогорку даражалуу коноктордон Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Мурдараак Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолку Жеңиш салтанатына башка өлкөлөрдүн лидерлери чакырылбаганын билдирген.

Кызыл Аянттагы сөзүндө Владимир Путин СССР Европаны нацизмден куткаргандардын башында болгонун белгиледи. Оорукта эмгектенгендердин ишин «экинчи фронт» деп баалап, Орусиядан башка өлкөлөрдө жашаган согуш ардагерлерин да кадырлашарын айтты. Ошондой эле Орусия аскер күчтөрүн бекемдөөнү уланта берерин билдирди.

- Куралдуу күчтөрүбүздүн жогорку аскердик жөндөмүн, эң заманбап коргонуу дараметин камсыз кылыш үчүн зарыл болгондун баарын жасап келгенбиз жана жасайбыз, – деди Путин салтанат учурундагы сөзүндө.

Ушу тапта Орусия Батыш менен тирешип келет. Буга ириде Украина, анын ичинде Крым менен Донбасс маселеси, Сириядагы согуш түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG