Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Украинада кыргыз жоокери эскерилди


Мукаш Салакунов.
Мукаш Салакунов.

Жеңиш майрамынын урматына Кыргызстандын Украинадагы элчилиги, «Тосор» коомунун өкүлдөрү жана Днепропетровск облусундагы кыргыз диаспорасы Украинада кыргызстандык жоокерди эскерүүгө катышты. Советтер Союзунун баатыры Мукаш Салакуновдун атын алып жүргөн Днепр шаарындагы № 52 орто мектепте окуучулар концерттик программа даярдашкан.

Элчилик Днепр шаарындагы ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктап, аларга белек тапшырды. Мектептин музейине М.Салакунов жөнүндө иш кагаздары тапшырылып, ал эми окуу жайынын китепканасына элчилик тарабынан украин тилине которулган «Манас» эпосу, Ч.Айтматовдун чыгармалары жана «Кыргыз эл жомокторунун» жыйнагы тартууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилиги маалымдады.

Улуу Ата Мекендик согушка Жети-Өгүздөн кетип, Украинада каармандык менен курман болгон жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Мукаш Салакуновдун аты Днепропетровск шаарындагы көчөгө жана мектепке коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG