Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Бишкекте кайрымдуулук велотуру өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым уюмунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кайрымдуулук вело туру өтөт. Велотур ушул дем алыш күнү, 12-майда Бишкектеги Түштүк дарбазасы эс алуу багынан башталат.

Өткөн аптада Токмок шаарында Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү убактылуу баш калкалай турган борбор иштей баштаган. Бул жайда балдарга кошумча кесиптер да үйрөтүлөт. 15 кишиге ылайыкташкан борбордо уктоочу бөлмөлөр, ашкана, жуунчу жай, эс алуучу бөлмө да бар. Уюм бул долбоорду ийгиликтүү иштетип кетиш үчүн дагы 150 миң сомдой керек экенин, велотур коомчулуктун көңүлүн ошого бурдуруу максатында өтүп жатканын билдирди.

Жылына Кыргызстанда балдар үйлөрүнөн 15-17 жаштагы 400-500 бала тарбияланып чыгат. Алардын көбү баш калкалай турган турак жайы, жумушу жок өз алдынча жашоодо бир топ кыйналары айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG