Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Евробиримдик бейформал саммит өткөрдү


Румыниядагы саммит. 9-май, 2019-жыл.
Румыниядагы саммит. 9-май, 2019-жыл.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери 9-майда Румыниянын Сибиу шаарында бейформал саммит өткөрүштү. Жыйынга биримдиктен чыгууну көздөп турган Британиянын премьер-министри катышкан жок.

Саммит соңунда 10 пункттан турган «Сибиу декларациясы» кабыл алынды. Анда Евробиримдиктин баалуулуктары, геосаясаттагы, глобалдык маселелерди чечүүдөгү орду белгиленген.

«Жашоо образыбызды, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн коргоону улантабыз», «Чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай бир Европаны коргойбуз. Кандай гана болбосун биримдиктебиз», «Евробиримдик жоопкерчиликтүү дүйнөлүк лидер» деген мазмундар камтылган. Биримдикке кирген бардык өлкөлөр декларациядагы милдеттенмелерди карманары белгиленет.

Декларацияны айрым дипломаттар биримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссия үчүн «10 осуят» катары баалап жатышат.

Эки жумадан кийин Европарламентке шайлоо өтүп, андан кийин Еврокомиссиянын курамы жаңыланат. Акыркы жылдагы улутчул, мигранттарга эшик ачууну каалабаган партиялар Европа өлкөлөрүнүн парламенттерине шайланууда. Мындай көрүнүш Европарламентке шайлоого да таасир этери күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG