АКШнын Юстиция министрлиги БУУнун жана Кошмо Штаттардын санкциясын бузуп жүк ташып бараткан Түндүк Кореянын Wise Honest кемеси конфискация болгонун билдирди. Вашингтондун жарандык доосунда кеме ээси, Korea Songi Trading Company 2017-жылдын март айында бул компания белгисиз тарап менен көмүр ташуу боюнча келишим түзгөнү көрсөтүлгөн. Анын документтери Орусияда жасалган.
Капитан буга чейин Индонезияда деңиз мыйзамдарын бузууга айыпталган. Сотто көрсөтүлгөн документтердин арасында Орусиянын Находка портунан көмүр жүктөөгө карата ордери болгон. Айыптоочу корутундуда ордер жасалма экени көрсөтүлүп, көмүр Түндүк Кореянын Нампхо портунан жүктөлгөнү айтылган.
Бул документ санкциядан айланып өтүү максатында жасалган болушу ыктымал экени белгиленет. Доо арыз боюнча, Түндүк Кореядан ташылып жаткан антрацит Кытай портуна багыт алган.
1989-жылы курулган Wise Honest Түндүк Кореядагы эң ири жүк ташуучу кемелердин бири. Анын АКШда конфискацияланышы Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы каршылашкан биринчи учур болууда.
АКШнын доо арызында көрсөтүлгөндөй, көмүрдү саткандан түшкөн каражат Түндүк Кореянын өзөктүк программасын каржылоого дагы кеткен.
Мунун алдында Түндүк Корея үлгүсү белгисиз эки ракетаcын учурган. Алар кыска аралыкты бутага алуучу куралдар болушу ыктымалдыгын 9-майда Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү маалымдады. Ракеталардын бири 420 чакырым, экинчиси 270 чакырым учканы такталды.
Wise Honest кемеси буга чейин ар кайсы өлкөнүн туусу менен сүзүп жүрсө, 2016-жылдан тартып Түндүк Кореяда катталып, ушул өлкөнүн байрагын алып жүргөн.