Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Би-Би-Синин журналисти ханзаада Гарринин уулу жөнүндөгү билдирүүсү үчүн иштен алынды


Гарри менен анын жубайы Меган наристеси менен.
Гарри менен анын жубайы Меган наристеси менен.

Би-Би-Си корпорациясы канзаада Гарри менен анын жубайы Мегандын жаңы төрөлгөн наристеси тууралуу "Твиттердеги" билдирүүсү үчүн Би-Би-Си 5 радиостанциясынын алып баруучусу Дэнни Бейкерди жумуштан кетирди.

Ал колдоруна шимпанзе көтөргөн жубайлардын сүрөтүн жарыялап, алдына "королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты" деп жазган. Бирок көп өтпөй бул билдирүүсүн өчүрүп салган.

"Жаңы эле Би-Би-Си 5 радиосунан кетиришти", - деп жазды 61 жаштагы журналист "Твиттердеги" баракчасына.

Бейкердин социалдык түйүндөгү 500 миң окурманынын көбү аны расизмге айыпташты. Күн мурун ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган 6-майда жарык дүйнөгө келген уулу Арчи Харрисонду коомчулукка көрсөткөн. Былтыр ханзаадага турмушка чыккан актриса Маркл Меган британ королдук династиянын тарыхтагы алгачкы африкалык мүчөсү болуп калган.

Би-Би-Синин алып баруучусу анын билдирүүсүндө расистик маани жок экенин айтып, сүрөт үчүн кечирим сурады.

Журналистикада 1989-жылдан бери иштеп келген Бейкер радиодо күн сайын болчу шоуну алып барчу. "Дэнни – мыкты алып баруучу, бирок ал мындан ары биз менен бул шоуго катышпайт", — деп жазды Би-Би-Синин өкүлү. Ал журналисттин "Твиттердеги" билдирүүсү компания карманган баалуулуктарга каршы келерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG